Эшмамбетов Асизбек Эшмамбетович
“Дордой офтальмик сервис” Медициналык Борборунун Генералдык директору

Катаракта: Операция керек!

Катаракта – (грекчеден которгондо “шаркыратма”, “суу чачырандысы” дегенди билдирет) көздүн карегин тунартып-бозортуп, ар түркүн ооруларды пайда кылып, ал тургай таптакыр көрбөй калууга чейин жеткирет. Көрүүнү кайра калыбына келтирүү үчүн тумандап-көрбөй, бозоруп калган каректи алып таштап, анын ордуна жасалма интраокулярдык линза (ИОЛ) коюу зарыл. Азыркы кезде жаңы методдор жана технологиялар пайда болгондугуна байланыштуу катарактаны хирургиялык жол менен алып таштоо ыкмалары жеңилдеп, жакшырды жана бийик технологиялуу болуп калды. Бүткүл дүйнөдө кеңири таркаган жана жогорку баа алган методдордун бири — катарактаны факоэмульсификациялоо ((ФЭК, ФАКО) болуп эсептелет.

Катарактаны факоэмульсификациялоо – бул катарактаны дарылоодогу эң мыкты стандарт, ал ультраүндүү аппараттын жардамы менен, 1-3 мм өлчөмүндөгү микрокесүү аркылуу жасалат. Катарактаны факоэмульсификациялоо принциби 3 негизги этаптан турат.
1. Көздүн чанагына карекке жеткидей микрокесүүлөр жасалат.
2. Бозоргон карек ультраүндүн жардамы менен эмульсияга айландырылып, алып ташталат.
3. Алынып ташталган каректин ордуна жасалма линза имплантацияланат.
Мындай өтө чеберчиликти талап кылган операция абдан кымбат адистик жабдыктар менен жасалып, абдан тажрыйбалуу хирург гана эң жогорку бийиктиктеги жыйынтыктарга жетише алат.
Ушундай болгон учурда гана ийгиликтүү операциялар 97-98%га жетет. Жогоруда аталган ыкма аркылуу, алардын жардамы менен катарактага операция жасала турган, офтальмология үчүн керектүү жабдыктарды чыгаруу өндүрүшү боюнча Alcon (АКШ) компаниясы алдыңкы болуп саналат. “Дордой Офтальмик Сервис” Медициналык Борбору дал ушундай ультраүндүү infiniti маркасындагы заманбап аппарат менен жабдылган.

Факоэмульсификациялоонун пациенттер үчүн негизги артыкчылыктары
Мурдагы классикалык операциялар оорулуу үчүн кыйла эле оор түйшүктөрдү жаратып, ооруканада 7 күндөн 10 күнгө чейин жатууга туура келчү. Көздүн жарымына чейин чоң кесүү жасалып, көз чанагынан бозоргон карек толугу менен алынып салынчу. Жарым жылга чейин тигүүлөр жасалып, оорулуу өтө катуу этияттыкты сактоосу керек эле. Азыркы операциялар кыйла оңой жана пациент тарабынан жеңил кабылданат. Катарактаны факоэмульсификациялоонун артыкчылыгына өзүңүздөр күбө болуңуздар:
*Жаңы жабдыктардын жана жумшак жасалма хрусталиктердин (каректин) пайда болушу менен бирге, амбулатордук операция — катарактаны факоэмульсификациялоо жергиликтүү анестезиялоо аркылуу 15-20 минутада жасалат, башкача айтканда, ооруканада жатуунун кереги жок.
*Оорубайт – хрусталиктин нерв бөлүкчөлөрү жок болгондуктан, ал оорубайт. Эреже катары, операция жергиликтүү анестезия менен жасалат.
Тигилген жиптери жок – заманбап технология каректи 3 мм кесүүдөн чыгарып таштоого мүмкүндүк берет. Мындай операция тигүү салышты талап кылбайт, демек, аны кайра алуунун да кереги жок, өзүнөн өзү эле бүтөлүп калат.
*Операцияга кыска гана убакыт – бар болгону 15-20 минута кетет, бул пациент үчүн абдан ыңгайлуу.
*Көрүүнүн тез калыбына келиши – көпчүлүк учурларда операциядан бир нече саат өткөндөн кийин эле пациенттин көрүүсү калыбына келет.
*Толук жетишкендик – жасалма хрусталик туура тандалып алынып, чебер хирург операция жасаган соң, пациент өзү үчүн мүмкүн болгон табигый көрүү мүмкүндүгүн толугу менен кайтарып алат.
* Көрүү сапаты – азыркы жасалма хрусталиктер түстөрдү көрүү жана алардын айрымаларын ажыратуу боюнча өтө күчтүү.
*Чектөөлөрдүн минималдуулугу – эскирген ыкмаларга салыштырмалуу, катарактаны факоэмульсификациялоодон кийин пациент ден соолукка байланыштуу жана режим боюнча минималдуу чектөөлөрдү сактайт.
*Тез реабилитация (калыбына келүү) – 7-10 күндөн кийин жумушка чыгууга болот, бир гана чектеме – үй шартындагы дарылоо бүтмөйүнчө, көзгө тиешелүү дары суюктуктарын тамызып туруу керек.
Эгерде төмөнкүдөй көрсөткүчтөр пайда болсо, катарактаны факоэмульсификациялоо операциясы жасалышы керек:
*Көрүү курчтугу 50%га же андан да көп түшүп кетсе.
*Көз бозоруп, көрүү тумандай баштаса.
*Жарык чачкан тараптан учкундар чачырап, нурлар таркаса.
Операция жасоону жогоруда аталган бардык түрлөр жана бардык стадиялар талап кылат. Бул операцияны жасоо үчүн эң сонун учур – катарактанын бышып жетиле элек кези болуп саналат, ал учур хирургга максималдуу коопсуз түрдө операция жасоого мүмкүндүк берет. Жетиле элек катаракта — катарактаны факоэмульсификациялоо операциясын жасоо үчүн эң ыңгайлуу учур болуп, жогорку деңгээлдеги коопсуздук эң мыкты жыйынтыктар менен коштолот. Пациент үчүн болсо бул катарактанын жетилишин күтүп, мурдагы учурдагыдай көз толук көрбөй калганга чейин жүрүүнүн кереги жок дегенди билдирет. Катаракта жаңы башталган кезде алып таштоо, операция учурундагы жана андан кийин болуучу ар кандай татаалдыктардын пайызын азайтат. Эгерде катаракта жетилишин күтүү менен бирге, пациент толугу менен көрбөй калганга чейин жетсе, татаалдашуу тобокелдиги эки эсе көбөйүп, операция наркы дагы кымбаттай тургандыгын эске алуу керек.

БАЛДАР КАТАРАКТАСЫ
Адам көзү оптикалык системаны эске салат. Элести так көрүү үчүн жарык нуру чачырап келип, көз торчолоруна чагылышып, кайра андан биригиши керек. Жарык нуру чагылышы жана өтүшү үчүн көздүн кареги жооп берет. Ал томпогой жана жарым-жартылай катуу-жумшак дене бөлүгү. Каректин бозорушун офтальмологияда катаракта деп коюшат. Бала куракта ал тубаса болушу мүмкүн, аны төрөлгөндө эле же андан бир аз кийин аныктаса болот. Же төрөлгөндөн кийин пайда болуп, бир нече ай өткөндөн кийин, ал тургай бир нече жылдан кийин аныкталышы да мүмкүн. Оору ар кандай түрдө болуп, бир көздө же экөөндө тең пайда болот.
Балдарда көбүнчө тубаса катаракта кезигет. Каректин тунарышы бала жатында жаткан кезде эле ар түрдүү тукум куучулук факторлордон же баланын энеси ооруган ар кандай оорулардан улам (грип, токсоплазмоз, кызыл жүгүрүк ж.б.) болот. Бул оору дары-дармектрди көзөмөлсүз иче берүүдөн, баланын энеси же бала өзү алган травмалардан улам жана да денедеги кальцийлик зат алмашуу бузулгандан пайда болот.
Кийин пайда болгон катарактанын себеби көбүнчө: көз травмасы, айрым дарыларды кабыл алуунун кыйыр таасири, башка бир оорунун жыйынтыгы же кеч байкалган тукум куучулук катаракта болуп саналат.

Катарактанын белгилери
Көп ата-энелер жаңы төрөлгөн балада катаракта сыяктуу оору табылса, дароо үмүттөрүн үзүп коюшат. Арийне, андай эле артыкбаш үмүтсүздүктүн кереги жок. Себеби, көп учурларда көздүн көрүүсүн сактап калууга мүмкүндүк бар. Мунун кандай ишке ашарын төмөндөн окуңуздар.
Баланын катарактасы канчалык эрте аныкталса, ошончолук жашы болот. Болжолдуу алганда, 80% учурда балдарга операциядан кийин көрүү толугу менен кайра калыбына келет.

Тубаса катарактаны төрөт үйүндө эле аныктаса болот. Калган учурларда – ата-эне байкагыч болсо жана сөзсүз түрдө адистерге көрүнүүдө аныкталат.
Баланы төмөнкү учурларда офтальмологго көрсөтүү зарыл жана муну эч кечиктирүүгө болбойт:
— баланын кареги кара эмес, бозгуч же агыш болсо.
— бала дайыма көзүн сүрткүлөй берсе.
— көздүн сурмалары кызарып турса.
— бала бир көзүн көп жапса.
— башын ийкегилеп, алдыга эңкейип, көзүн көп ирмегилесе.
— эки айга толгондо апасын тааныбаса же предметтерге көзүн токтотпосо.
— бала оюнчуктарды тик карабай, же бир көзү менен гана караса.
— баланын көзү тынбай ары-бери карай берсе.
Баланын катарактасын аныктоо көбүнчө пландалган текшерүүдө аныкталат, ошондуктан аларга көңүл бурбай коюу туура эмес. Офтальмологдор төмөнкү курактарда текшерүүнү сунуш кылышат: 1-3 айлык кезде; 3,5-; жашта; бала 6 жашка чыгып, мектепке барар алдында. Тубаса катаракта канчалык эрте аныкталса, ошончолук жакшы, себеби, оорулуу көз туура эмес өсө баштайт. Катаракта кеч дарыланганда көздүн көрүшүн толук калыбына келтирүү мүмкүн эмес.
Азыркы кезде каректин тунарышын жоготуп, көрүүнү калыбына келтирүүчү дары жок. Ошондуктан эки гана жол бар, — же тунарып калган карек менен жашоого ыңгайлашуу керек. Же аны алдырып салып, жасалма хрсталик коюу зарыл. Бул операция тунарган каректи (катаратаны) заманбап ультраүндүү факоэмульсификациялоо аркылуу алып ташталат. Атайын зонддун жардамы менен хрусталик ультраүн аркылуу суюлтулат да, көздөн алынып салынат. Бул аракеттердин баары көлөмү 2.5 мм болгон кесүү аркылуу жасалат. Ал кесик кийин өзүнөн өзү калыбына келип, тигиш салууну талап кылбайт. Катарактаны алып таштоо бир сааттан ашык созулбайт.
Табигый карек катарактага операция учурунда алынып ташталып, анын ордуна көз ичине жасалма хрусталик салынат. Хрусталик операция жасоо учурунда имплантацияланышы мүмкүн, же аны кийинчерээк салса деле болот. Эски каректин ордуна атайын шприц-инжектордун жардамы менен жасалма хрусталик (жумшак-ийкемдүү интраокулярдык линза) салынат. Ал көз ичинде өзү кыймылдап, ишеничтүү кызмат кылат.
Катаракта канчалык көбүрөөк көрүнсө жана ал балада канчалык эрте жашта пайда болсо, хирургиялык операция жасоо ошончолук зарыл. Жаңы төрөлгөн балдардын катарактасы мүмкүн болушунча эрте жасалышы керек, операция биринчи үч ай ичинде жасалганы жакшы болот, себеби көрүү үчүн бар болгон тоскоолдуктарды жоюуда баланын өсүүсүндөгү маанилүү курак өтүп кетпеши керек. Көптөгөн изилдөөлөрдүн аркасында, мындай операциялар үчүн оптималдуу мөөнөттөр аныкталган: бир көздүн кареги толук тунарган кезде аны төрөлгөндөн кийин дароо же бала 6 айлык болгонго чейин алып ташташат, эгерде эки көзү тең катаракта болсо, операция 3 жана 4 айлык кезде жасалат.
Тубаса катаракта учурунда убакыт балага каршы иштейт. Эгерде алгачкы эки жылда көз иштебесе, алар ошол бойдон көрбөй калат. Дал мына ошондуктан, тубаса катарактаны эки жылдан кийин операция жасоонун мааниси жок болуп калат. Тунарган каректи алып таштаган менен да, жарык ал көзгө “өлүп” калган зонага түшүп, ал “көрүү маалыматын” кабыл ала албай калат.